Жаңылыктар

ЕВРО МЕНЕН SWIFT ТӨЛӨМДӨРҮН ЖАҢЫРТЫЛГАН ЭРЕЖЕЛЕР

14 9 2023

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банк EUR валютасында SWIFT-төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелери өзгөрүлгөнүн маалымдайт

20-сентябрдан тартып “Ландес Банк” (Германия) корреспонденттик банкынын жаңыланган эрежелерине ылайык, евродогу бардык SWIFT-төлөмдөр Швейцария менен Улуу Британияны кошуп алганда Европа экономикалык зонасына кирген мамлекеттердин ичинде гана жүргүзүлөт. Демек мындан ары ушул өлкөлөрдүн чегинен тышкары евродогу бардык кириш жана чыгыш төлөмдөр жеткиликсиз болот.   

Сиздерден ушул өзгөрүүлөрдү өзүңүздөрдүн финансылык операцияларды пландоодо эске алууну өтүнөбүз. Компаньон Банк SWIFT системасы боюнча башка өлкөлөргө (Еврозонадан тышкары) акча жөнөтүүдө жана алууда бардык төлөмдөрдү АКШ долларында жүргүзүүнү сунуштайт.

Сиздерге түшүнүү жана Компаньон Банкка ишенимиңиздер үчүн ыраазылык билдиребиз.

Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот. 

Бардык жаңылыктар