Жаңылыктар

8-НОЯБРЬ БАНК БААЛУУЛУКТАРЫНЫН КҮНҮ

3 11 2023

Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн банктар бар, бирок алардын арасында экономикага гана кызмат кылбастан, айлана-чөйрөнүн бакубатчылыгына да салым кошкондору өзгөчөлөнүп турат. Бул банктар кененирээк ой жүгүртүп, тайманбастык менен иш алып барууда, чоң коомдук маселелерди чечүүдө, инклюзивдик коомчулуктарды түзүп, экологияга көңүл буруп жатышат. Компаньон Банкы бул банктардын бири! Ал эми биз Банктык баалуулуктардын глобалдык альянсына (GABV) кирген Борбордук Азиядагы жалгыз банкпыз.

Бул альянска кирген банктар жалпы миссияны бөлүшөт - туруктуу экономикалык, социалдык жана экологиялык өнүгүү үчүн финансылык ресурстарды пайдалануу. 

Ошентип, 8-ноябрь Банк баалуулуктарынын күнү. Бул күнү нарктык банктар ар бир адамды аз да болсо тайманбас болууга жана өз бизнесинин чегинен тышкары ойлонууга үндөйт. Позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн дүйнөлүк кыймылга кошулуңуз!

Бардык жаңылыктар