Жаңылыктар

КОМПАНЬОНДОН 2 МИЛЛИОН

1 12 2023

Компаньон Банк «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына акчалай сыйлык тартуулайт

Көп кыйналбай алты нөлдөн турган акча алгыӊыз келеби? Компаньон Банк дал ушундай мүмкүнчүлүк тартуулайт! Андыктан дароо азыр ири акчалай сыйлыктар каралган «Компаньондон 2 миллион» жаӊы акциясына кошулуӊуз.

Биринчи миллионер болуш үчүн эмне кылыш керек? Мында кокустукка эч ишенбеӊиз – ийгилик сиздин аракетке жараша болот. Ал үчүн туугандарды, досторду жана тааныштарды рефералдык шилтеме аркылуу «Компаньон» тиркемесине чакырыӊыз жана ошондо сиздин джекпот утуу мүмкүнчүлүгүӊүз эки эсе жогорулайт! Экинчи миллионду мобилдик тиркеменин продукттарын жана сервисти эӊ активдүү колдонуучу алат. Азыр баарын толук айтып беребиз.

Акцияга кантип катышууга болот?

Акцияга катышуунун шарты эӊ жөнөкөй – ал үчүн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучусу болуу керек. Эгерде сизде дагы деле тиркеме жок болсо, анда Google Play же App Store аркылуу смартфонго көчүрүп алып, аралыктан же банктын кеӊселеринен идентификациядан өтүӊүз жана жакындарды рефералдык шилтеме аркылуу чакыруу үчүн автоматтык түрдө 50 сом алыӊыз.

Рефералдык шилтеме деген эмне жана аны менен кантип акча тапса болот?

Рефералдык шилтеме – бул ар бир колдонуучу үчүн тиркемедеги өзгөчө символдор жана сандар топтому менен түзүлгөн өзгөчө линк. Аны бардык мессенджер аркылуу жакын адамдарга жибериӊиз. Жөнөтүлгөн шилтеме аркылуу «Компаньон» тиркемесин көчүргөн ар бир катышуучу үчүн 50 сомдон акчалай сыйлык берилет. Катышуучуларды кошуу үчүн чектөө жок. Чакырылгандар канча көп болсо, ошончо көп бонус ошол замат сиздин тиркеменин балансына которулат. Ошондой эле, андан өзгөчө шилтеме аркылуу канча адам «Компаньон» мобилдик тиркемесине өткөнүнө жана жаӊы колдонуучу болуп калганын көрүп турууга болот.

Бул дагы эчтеке эмес! Ай сайын акциянын эӊ активдүү 10 катышуучусу эки номинациянын ар биринен 5 000 сомдон 50 000 сомго чейин акчалай сыйлык алат: 

  •   чакырылган жана идентификациядан өткөн эӊ көп колдонуучулар үчүн;
  •  «Компаньон» тиркемесиндеги эӊ көп операция аткарылган активдүүлүк үчүн;  

Эӊ көп колдонуучу чакырган жана мобилдик тиркемеде эӊ жогорку активдүү болгон катышуучулар акцияны өткөрүү убагында “Компаньондон 2 миллион” супер байгеси үчүн атаандаша алышат! Финалда ар бирине 1 000 000 сомдон сыйлык бериле турган эки жеӊүүчү аныкталат.

Активдүү бол жана миллион утуп ал!

Компаньон мобилдик тиркемеси – бул 500 ашык банктык жана башка финансылык кызматтар, ыӊгайлуу интерфейс жана ишенимдүүлүк!

Акциянын толук шарттары:

«КОМПАНЬОНДОН ЭКИ МИЛЛИОН» АКЦИЯСЫНЫН ШАРТТАРЫ.


Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот.


Бардык жаңылыктар