Жаңылыктар

АБАЙЛАҢЫЗДАР, ШЫЛУУНДАРДЫН ТУЗАГЫНА ТҮШҮП КАЛБАҢЫЗДАР!

5 12 2023

Урматтуу кардарлар,

«Компаньондон 2 миллиона» акциясы ишке киргенине байланыштуу сиздерден сак болууну жана шылуундарга алданып калбоону суранабыз. 

Эӊ маанилүүсү – Акция боюнча рефералдык шилтеме Google Play же App Store аркылуу көчүрүп алуу үчүн "Компаньон" тиркемесинин баракчасына түз алып барат. Эгерде шилтеме сиздин жеке маалыматтарды сураган башка баракчага алып барса, анда бул фишинг аракети же интернет алдамчылык болушу мүмкүн. Мындай баракчаларга банк картасынын жана "Компаньон" мобилдик тиркемесинин маалыматтарын, атап айтканда, пароль, пин-код, картанын арткы бетиндеги CVV/CVC коддорун, СМС менен келген бир жолку коддорду эч качан бербеӊиздер.

Ар кандай суроолор же алдамчылыкка шектенүү пайда болсо, Кардарларды колдоо кызматына кайрылыӊыздар:

Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот

Бардык жаңылыктар