Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНК – “ЧЕКСИЗ” ВЕРСИЯСЫ БОЮНЧА МЫКТЫ ИШ БЕРҮҮЧҮ

8 12 2023

Компаньон Банктын Кербен филиалы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн (ДМЧА) зарыл шарттарды жана инфраструктураны түзгөн мыкты компания наамына арзыды, ошондой эле “ЧЕКСИЗ” биринчилигинде “Аймактын мыкты иш берүүчүсү” катары таанылды.  

Жыл сайын өтүүчү конкурста ыйгарылган сыйлык Банктын инклюзивдик жана колдоочу чөйрө түзүүгө умтулуусун билдирет. “Биз эмгек рыногундагы бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана майыптыгы бар жактарды ишке орноштурууда жагымдуу шарттарды түзүү жоопкерчилигин өзүбүзгө алабыз”, - деп Кербен филиалынын директору Улугбек Райымбеков өзүнүн сыйлыгы боюнча пикирин билдирди.  

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги колдогон "ЧЕКСИЗ" демилгеси, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды коомго толук тартуу жана камтуу зарылдыгына көӊүл бурат. 

“Биздин компания ДМЧА үчүн шарттарды түзүүдө мыкты деп табылганына жана ишке орноштуруу жаатында мыкты практиканын үлгүсү катары таанылганына сыймыктанабыз”, - деп белгиледи Компаньон Банк Башкармалыгынын мүчөсү Наталия Фефилова.

Бардык жаңылыктар