Жаңылыктар

КОМПАНЬОН ТИРКЕМЕСИНДЕ ОНЛАЙН КРЕДИТТЕРДИН ЧЕНИН ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ТӨМӨНДӨТҮҮ

25 12 2023

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде Жаӊы жыл алдында онлайн кредиттердин чени арзандайт! 2023-жылдын 27 жана 28-декабрь күндөрү гана сомдогу кредитти жылдык 25% менен алууга болот.

Кредитти болгону 5 мүнөттө тариздөөгө болот. Ал үчүн банк бөлүмүнө кайрылуунун кереги жок. Өтүнмө “Компаньон” тиркемесинде таризделет.

КРЕДИТТИ КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?

  • тиркемени ачыӊыз жана башкы барактан алгач «Кредиттер», андан кийин «Кредит алуу» баскычын басыӊыз;
  • кредиттин шарттары менен таанышыӊыз;
  • идентификациядан өтүӊүз;
  • керектүү сумманы жана мөөнөттү тандаӊыз;
  • система сураган жеке маалыматтарды толтуруӊуз;
  • оперативдүү кароону - 1 мүнөткө чейин күтүӊүз. Өтүнмөлөр 24/7 бою каралат:
  • кредит келишими менен таанышыӊыз жана кол коюӊуз;
  • кредитти өзүӊүздүн “Компаньон” тиркемеӊиздеги баланска алыӊыз.

Колдонуучулар 200 000 сомго чейин кредит ала алышат:

  • 200 000 сомго чейин Компаньон Банктан мурда кредит алган жана банктын кеӊсесинде толук идентификациядан өткөн кардарлар;
  • 100 000 сомго чейин банктын кеӊсесинде толук идентификациядан өткөн кардарлар;
  • 15 000 сомго чейин алыстан идентификациядан өткөн кардарлар ала алат.  

Акчалай каражаттар оперативдүү кароодон кийин түздөн-түз тиркемедеги баланска которулат.

Эгерде сиз буга чейин “Компаньон” тиркемесинин колдонуучусу боло элек болсоӊуз, анда бул ишти аткаруу эӊ оӊой. Тиркемени Google Play же App Store аркылуу көчүрүп алыӊыз жана алыстан идентификациядан өтүӊүз.

*Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 28,48%.

Кошумча маалымат алуу үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыӊыздар  0 (312) 33-88-00, 88 00 (КР мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз).

 

Бардык жаңылыктар