Жаңылыктар

СБЕРДЕН КОТОРУУЛАРДЫ ЭӉ АКТИВДҮҮ АЛУУЧУЛАР МАЛЬДИВ АРАЛДАРЫНА ТУРЛАРДЫ ЖЕӉИП АЛЫШТЫ

2 2 2024

Сберден акча которууларды эӊ активдүү алуучулар Мальдивге тур жана башка 120 баалуу байгелерди утуп алышты.

Компаньон Банк СберБанк Онлайн системасынан Visa, ЭЛКАРТ карталарына же Компаньон мобилдик тиркемесине которуулар боюнча акциянын эки жеӊүүчүсүн сыйлады. Бүткүл мезгил аралыгында эӊ көп активдүү болгон эки жеӊүүчү Мальдив аралдарына эки кишилик турларга ээ болушту.

Сбербанктан которуулардын саны боюнча бишкектик Оспанов Джахангир, ал эми которуулардын эӊ чоӊ көлөмү боюнча Исфананын тургуну Адилов Шохзад лидер болуп калды.  

“Компаньонго которуулар абдан ыӊгайлуу жана пайдалуу, ошондуктан туугандар Россиядан акчаны бизге ушул жол менен которууну туура көрөт”, - деп Шохзод Адилов пикирин билдирди. 

Мындан тышкары, аралык этаптарда 40 киши iPhone 14 Pro Max/256 GB, телевизор, муздаткыч, кир жуугуч машина, ноутбук жана башка ушул сыяктуу баалуу байгелерди алышты. 

Компаньон Банк ар бир кардардын эӊ жогорку ыӊгайлуулугу үчүн акча которууда конвертация кылуунун эӊ ылайыктуу курстарын камсыз кылган, ошондой эле акча которууларда жана банк картасындагы акчаны каалаган банктын банкоматтарынан алууда комиссияны жойгон.

Бардык жаңылыктар