Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНК GABV УЮМУНУН ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

6 3 2024

Компаньон Банк “Банк баалуулуктарынын глобалдык альянсынын” (GABV) жыл сайын өтүүчү жыйынына катышты. Иш-чара 29-февралда Италиянын Падуя жана Милан шаарларында болуп өттү. Жыйынга Башкармалыктын жана Директорлор кеӊешинин мүчөлөрү, ошондой эле дүйнөнүн 35 мамлекетинен маркетинг жана коммуникация коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Компаньон Банк Башкармасынын төрагасы Маргарита Черикбаева, Банктын Кыргызстанда технологияларды өнүктүрүү жана финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеӊейтүү боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө бет ачар менен чыгып сөз сүйлөдү. Банктын өкүлдөрү коомду трансформациялоо, тынчтыкка колдоо көрсөтүү жана куралдуу чыр-чатактардын алдын алуу үчүн финансылык сектордун жана технологиялардын баалуулугу жөнүндө талкууларга катышышты.

Белгилей кетсек, Компаньон Банк 2023-жылы апрелде GABV мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасы боюнча анын курамына кирген жападан жалгыз финансылык уюм болуп саналат.

GAVB – бул финансылык ресурстарды экономикалык, социалдык жана экологиялык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн пайдалануу боюнча жалпы миссияга негизделген банк жана банктык кооперативдердин көз карандысыз тармагы. Бул уюм 2009-жылы алда канча адилет финансы системасынын керектигине ишенген он банк тарабынан негизделген.    

GABV жана “Этика” банкынын «Согуш үчүн финансы. Тынчтык үчүн финансы» отчетунун негинде даярдалган “Тынчтык жөнүндө билдирүү” деклерациясы саммиттин негизги натыйжасы болуп калды. Бул документ согуштук чыр-чатактарды басаӊдатуудагы финансылык сектордун ролу жөнүндө маанилүү тезистерди алдыга коет, ошондой эле курал-жарак өнөр жайын каржылоодогу ачыктыктын зарылдыгын баса белгилейт.

Альянс дүйнө жүзүндөгү куралдуу чыр-чатактардын негизги булагы болуп саналган курал-жарак өндүрүү өнөр жайын жана соодасын каржылоону токтотууга чакырат.

“Компаньон Банк үчүн “Банк баалуулуктарынын глобалдык альянсынын” (GABV) жыл сайын өтүүчү жыйынына катышуу жана Милан декларациясына кол коюу, биздин туруктуу өнүгүүгө умтулуубузга карата маанилүү кадам болуп саналат. Биз финансылык сектор дүйнөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту түзүүдө маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз жана биз ушул процесске активдүү катышууга даярбыз. Биздин мындай демилгелерге катышуубуз жалпы баарыбыз үчүн мыкты жана коопсуз келечек түзүүгө карата умтулуубузду баса белгилейт”, - дейт Компаньон Банк Башкармасынын төрагасы Маргарита Черикбаева. 

Бул кадамдар банктардын, анын ичинде Компаньон Банктын ошол баалуулуктардын негизинде тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү колдоого умтулуусун чагылдырат. Компаньон Банк GABV мүчөлүгүнүн алкагында тынчтыкка колдоо көрсөтүү күч-аракеттерин улантууга даярдыгын тастыктайт жана Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү башка финансылык институттарды тынчтыктын жана туруктуулуктун пайдасына ушул кыймылга биригүүгө чакырат.  

Бардык жаңылыктар