Россиядан ЭЛКАРТ карталарын МегаФон салондору жана терминалдары аркылуу толуктоо
МегаФон салонунун кызматкери аркылуу төлөмдөр:
1. Кассадагы кызматкерге, Кыргызстандагы ЭЛКАРТ картасын толуктоону каалаганыңызды кабарлаңыз;
2. Картанын номерин жана сумманы айтыңыз;
3. Алдын-ала чекте, сиздин төлөмүңүз боюнча маалыматтын туура экендигин текшерип анан кол коюңуз;
4. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин сизге кассалык чек берилет.
Сураныч, акча толукталмайынча квитанцияны ыргытпай туруңуз.
МегаФон терминалы аркылуу төлөмдөр:
1. Издөө тилкесинде «ЭЛКАРТ» деп киргизиңиз;
2. Картанын номерин жана сумманы киргизиңиз;
3. Киргизилген маалыматтын тууралыгын текшерип тастыктаңыз
4. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин терминал кассалык чекти берет.
Сураныч, акча толукталмайынча квитанцияны ыргытпай туруңуз.
Каражаттарды ЭЛКАРТ карталарына чегерүү кызматы заматта көрсөтүлөт, комиссиянын өлчөмү - 0%.
ЭЛКАРТ карталарын толтурууда жөнөтүүчү ошол учурдагы валюталардын алмашуу курсун жана транзакциянын суммасын көрөт.
ЭЛКАРТ карталарынан акча каражаттарын чечүүдө банктардын төмөнкү тарифтери колдонулат:
- Компаньон Банкынын ЭЛКАРТ карталарынан чечилип жаткан суммадан 0,2%;
- Башка банктардын карталарынан – xx% (башка банктардын тарифтери менен алардын расмий сайттарында таанышуу зарыл).
Акча которуулардын максималдуу суммасы:
МегаФон терминалдары аркылуу:
1 транзакция - 15 000 рубльга чейин
МегаФон кызматкери аркылуу:
1 транзакция - 600 000 рубльга чейин.
Карта алуу үчүн төмөнкү баскычты басып, тапшырык калтырыңыз:
*Төлөм карталарын чыгаруу жолу жана тарифтер тууралуу маалымат