Кредиттер

Агрокредиттер

Айыл чарба ишмердүүлүгү менен алектенген кардарлар үчүн төмөнкү максаттарга кредиттер жана башка максаттарга

✔️ Малдын башын көбөйтүү.
✔️ Тоют, үрөн, көчөт жана жер семирткичтерди сатып алуу.
✔️ Айыл чарба техникасын оңдоп-түзөө .
✔️ Жер участогу, имараттар, кампа, сактагыч үчүн ижара акысын төлөө.
✔️ Жаныбарларды/өсүмдүктөрдү коргоо үчүн каражаттарды жана сезондук жумуштарды аткаруу үчүн материалдык ресурстарды сатып алуу.

Шарттар:

  • Кредиттин суммасы: 5 000 сомдон 150 000 сомго чейин.
  • Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин.

Жылдык номиналдуу пайыздык чен 27,5%

Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 31,65%

Артыкчылыктар:

✔️ Жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин
✔️ Агрономия жана мал чарбачылык боюнча банктын жогорку квалификациялуу адистеринен төмөнкү темалар боюнча акысыз кеңеш берүү:

  • Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кирешени көбөйтүү максатында агробизнести эффективдүү жүргүзүү;
  • Заманбап айыл чарба технологияларын жана ыкмаларын колдонуу;
  • Фермердик экономикалык эсептер;
  • Жергиликтүү жабдып туруучулардын контакттары.*

✔️ Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги
✔️ 100 000 сомго чейин акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы бар кардарларга күрөөсүз жана кепилдиксиз (Агрокредитти алууга тапшырыкты бергенге чейин).
✔️ "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайталап кайрылган кардарлар үчүн 150 000 сомго чейин күрөөсуз жана кепилдиксиз (акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн гана).

*Банк кредит алуучунун ишмердигинин жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Кеңеш берүү Банктын кеңселеринде жана башка байланыш каналдары аркылуу жүрөт.

Кредитти берүү:

  • Компаньон Банкынын төлөм карталарына (карта ошол замат берилет);
  • "Компаньон" мобилдик тиркемесине (ошол замат орнотулат);
  • Банктын кассасы аркылуу.

Кредит алуу үчүн керектүү документтер:

  • Кредит алуучунун, кепилдин жана күрөө берүүчүнүн паспорту;
  • Берилген күрөө мүлкүнүн түрүнө байланыштуу күрөө мүлк документтери – кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, кыймылсыз мүлктүн укук белгилөөчү документтери, транспорттук унааны каттоо тууралуу күбөлүгү ж.б.;
  • Мал же айыл чарба жерлеринин бар экендигин тастыктаган документтер.

Кредитти кимдер ала алат?

18 жаштан 68 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары.

  • Айыл чарба продукцияларын өндүргөн же кайра иштеткен жеке ишкерлер. 
  • Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгында эмгектенген айыл чарба өндүрүүчүлөрү болгон жеке жактар

Күрөө жана кепилдик (керек болгон учурда)

✔️ “Компаньон Банкы” ЖАКтын депозиттик эсептериндеги акча каражаттары жана/же кыймылдуу мүлк (жабдыктар, техника, мал ж.б.).
✔️ Авто жана/же кыймылсыз мүлк.
✔️  Далилденген кирешеси бар кепил.

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери  01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кошумча суроолор боюнча Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери аркылуу же Банктын кеңселерине кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз). 

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу