Талаптар:
- Жогорку кесиптик (экономикалык) билим.
- Банк чөйрөсүндө тажрыйба – 3 жылдан кем эмес, жетекчи кызматта – 1 жылдан кем эмес.
- Нак акча менен иштөө тажрыйбасы – 1 жылдан кем эмес.
- Төлөм каражаттарынын аныктыгын тактоо көндүмдөрү,тиешелүү сертификаттардын болушу.
- Операциялык блоктогу банк операцияларынын жол-жоболорун ишке ашырууну практикалык жактан билүү: эсептерди, депозиттерди, банк карталарын ачуу жана тейлөө, акча каражаттарын эсеп ачпастан которуу, алмаштыруу операциялары, эсептик-кассалык тейлөө.
- Депозиттер жана эсептик-кассалык тейлөө боюнча операцияларды ишке ашыруунун тартиби тууралуу ченемдик жана нускама документтерди билүү.
- Банк ишмердигин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тармагын, ошондой эле КРУБнын ченемдик актыларын билүү.
- СКнын ишмердигине тиешелүү бухгалтердик эсептин негизги эсептерин билүү
- Компьютерде ишенимдүү пайдалануучу деңгээлинде иштей билүү, Microsoft Windows (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.) тиркемелерин мыкты билүү, анын ичинде атайын эсептик программаларды (банк) пайдалана билүү.
Милдеттери:
- СКнын натыйжалуу ишин уюштуруу жана жалпы ишмердигине жетекчилик кылуу.
- Сактык кассанын кредиттик эмес кызматтарын: депозиттерди, эсептик-кассалык тейлөө, акча которуулар, банк карталары ж.б. операциялык ишмердигин натыйжалуу уюштуруу үчүн жоопкерчилик.
- Бекитилген жол-жоболорго жана кардарларды тейлөө боюнча сервистин стандарттарына ылайык СК кызматкерлерин окутуудан өткөрүү.
- Сатуунун жалпы планынын негизинде филиалдын Менеджери белгилеген сатуу планын аткаруу.
- СКга тиешелүү программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле Башкармалыктын кароосуна СКнын ишмердигине байланыштуу маселелерди алып чыгуу.
- Компаниянын жетекчилиги тарабынан белгиленген финансылык көрсөткүчтөргө жетишүү жана кредиттик портфелдин сапаты үчүн жоопкерчилик.