Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ “ДУБАЙГА УЧАБЫЗ!” АКЦИЯСЫНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫНЫН БҮТҮНДӨЙ КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ БЕЛЕКТЕРДИ БЕРҮҮДӨ

16 9 2019

Компаньон Банкынан Акча колторуулар боюнча “ДУБАЙГА УЧАБЫЗ!”  акциясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

12-сентябрда бүтүндөй Кыргызстан боюнча 30 бактылуу адам муздаткыч, телевизор, ноутбук, планшет, смартфон жана башка тиричилик техникаларын алышты. Отуз бактылуу жеңүүчүнүн арасында банктын Жалал-Абад, Кербен, Ноокен, Исфана, Кербен, Өзгөн, Токмок, Бишкек, Борбордук жана Балыкчы филиалдарынын кардарлары бар.

Компаньон Банкы жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана акча которууларды жөнөтүү жана алуу боюнча кызматтардан пайдаланышкан бардык кыргызстандыктарды Акцияга катышууга чакырат. Акциянын финалдык этабында катышуучуларда үч башкы байгени -  ноутбук, iPhone Xs же эки адамга Дубайга жолдомо утуп алуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү бар!

Олжобаева Айтолкун, акциянын жеңүүчүсү:

«Мен Россиядан акча которууларды үзгүлтүксүз алып турам жана  Компаньон Банкында тейленем. Мен үчүн акцияда жеңип алуу - бул чоң күтүүсүздүк болду. Мен өз кардарларына берилгендиги үчүн Компаньон Банкына ыраазымын жана баарыңарга гүлдөп өнүгүү жана ийгиликтерди каалайм!».

Кыргызбаев Шарипжан, акциянын жеңүүчүсү:

«Белек алуу дайыма жагымдуу. Өзгөчө ал күтүүсүз болгондо ого бетер. Кечээ менин смартфон утуп алганымды билдиришти. Мен буга абдан кубанычтамын жана Компаньон Банкына ыраазылык билдиремин. Ммындан ары да Банктын кызматтарынан пайдаланамын жана акциянын финалдык этабында баш байгени – Дубайга жолдомону утуп алуу үчүн бактымды сынап көрмөкчүмүн!».


Бардык жаңылыктар