Жаңылыктар

АКЧАНЫН ГЛОБАЛДУУ ЖУМАЛЫГЫ: КОМПАНЬОН БАНКЫ МЕНЕН ФИНАНСЫ ДҮЙНӨСҮНӨ КЫЗЫКТУУ САЯКАТ

8 4 2022

2022-жылдын 31-мартынан 7-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 600гө жакын мектеп окуучусу жана студенттер Акчанын глобалдуу жумалыгынын алкагында Компаньон Банкынын билим берүүчү кампаниясынын аркасы менен финансы дүйнөсүнө кызыктуу саякат жасашты.

Бул жылы бардык иш-чаралар “Өз келечегиңерди кургула, акчага акыл-эстүү мамиле кылгыла” ураанын алдында өттү.

Бишкек, Ноокен, Токтогул, Кербен, Нарын, Кочкор, Каракол, Балыкчы, Талас, ОшДатка, Өзгөн жана Исфана өңдүү өлкөнүн булуң-бурчундагы мектеп окуучулары менен студенттер үчүн 16 семинар жана Компаньон Банкынын бөлүмдөрүндөгү ачык эшиктер Күнү уюштурулган.

Борбордо Банктын өкүлдөрү Кыргыз Улуттук Агрардык жана Кыргыз Экономикалык Университеттеринде финансы тууралуу ачык лекцияларды өтүштү.

Иш-чаранын катышуучулары банк мекемелеринин иш өзгөчөлүктөрү, өз киреше жана чыгашаны пландоо жана ошондой эле акча каражатты үнөмдөө жолдору тууралуу маалымат алды. Жана албетте, Компаньон Банкынын тренерлери финансылык сабаттуулукту жакшыртуу канчалык маанилүү экендиги жана туура экономикалык адаттарды калыптандырууда банк продуктулары кандай жардам бергендиги тууралуу айтып беришти.

Семинарлар интерактивдүү форматта өттү жана бул – катышуучулардын кызыгуусун жана катышуусун күчөттү. Кампаниянын алкагында уюштурулган кызыктуу викторина, мастер-класс жана сынактардын жеңүүчүлөрү баалуу байгелер менен эсте кала турган белектерге ээ болушту.

Компаньон Банкы Кыргызстан калкынын финансылык сабаттуулугун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат жана ар дайым өтүп туруучу окутуу тренингдерин сунуштайт.

Бардык жаңылыктар