Жаңылыктар

БАНКТЫК КАРТАЛАРЫН ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫН КОЛДОНУУДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ

1 7 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы телефон жана интернет аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эскертет. Шылуундар алдамчылыктын жаңы жолдорун колдонуп, карта эсептеринен, мобилдик тиркемелерден, электрондук капчыктардан жана онлайн банкингден акча каражаттарын уурдап алууда.

Маалыматыңызды шылуундарга берүү же алдамчылык шилтемелерди басуу менен сиз өзүңүздүн эсептериңиздеги, карталарыңыздагы, депозиттериңиздеги бардык каражаттарды уурдоого, ошондой эле мобилдик тиркемеге/капчыкка жана Интернет-банкингге кирүүгө толук мүмкүнчүлүк бересиз.

Акча уурдоо үчүн көбүнчө төмөнкү схемалар колдонулат:

ШИЛТЕМЕ ЖАНА SMS АРКЫЛУУ АЛДОО

  1. Алдамчы өзүн Lalafo.kg, Cdek.kg, Yldam Express ж.б интернет-аянтчаларынан келген сатып алуучу катары тааныштырып, товар үчүн төлөмдү картага жиберүүнү сунуштайт. Бул үчүн алдамчы картанын маалыматын, SMS аркылуу келген кодду же 3D-Secure* кодун сурайт, же болбосо шилтемени ачып, кодду киргизүүнү өтүнөт. Сатуучу жашыруун кодду жазып же карта маалыматын алдамчыга айтканда, үчүнчү тарап тиркемеге жана бардык эсептер/карталарга кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.  
  2. Алдамчылар WhatsApp, Telegram жана башка мессенжерлер аркылуу маек жүргүзүшү, чалуу аткарышы же SMS жана шилтемелерди жибериши мүмкүн.

Алдамчылар адатта шилтемеге өтүү/шилтемени басуу аркылуу акча которуусун алууну сунушташат. Которуунун алуучусу  шилтемеге басканда, ага SMS коду келет, ал эми бул кодду сайтка (шилтеме аркылуу кирген сайт) киргизгенде алдамчы уюлдук тиркемеге / картага кирет жана акчаны чыгарып кетет/уурдайт.

ТӨЛӨМ КАРТАСЫНЫН МААЛЫМАТЫН УУРДОО МАКСАТЫНДА АЛДОО

  1. Алдамчылар акча которуу үчүн төлөм картасынын маалыматын, картанын эки тарабынын теӊ сүрөтүн, карта номерин жана CVC/CVV-кодун* (картанын арка жагындагы код) сурашат. Картанын CVC/CVV-кодун алгандан кийин алдамчылар башка банктын / уюлдук оператордун тиркемелерине байлап, акчаны которуу аркылуу чыгарып кетиши мүмкүн. Андыктан CVC/CVV-кодун эч кимге жибербеӊиз! Которууну алуу үчүн картанын бет тарабындагы 16 сандуу номерди жиберүү жетиштүү.
  2. Мындан тышкары, алдамчылар карта номери жана CVC/CVV-кодун жазуу менен форманы толтуруу же атайын ачылган кайрымдуулук эсептерине акча которууну сурашы мүмкүн.
  3. Алдамчылар оюн уюштуруу, белек ойнотуу темасын колдонушу мүмкүн. Мисалы, утушту алуу үчүн шилтемеге кирип, карта маалыматын калтырууну сурашат. Банк карталарынын маалыматын алуу/ уурдоо үчүн ар кыл себептердин колдонулганын эстен чыгарбаӊыз.  
  4. Алдамчылар Компаньон Банкынын расмий сайтынын баракчасы жана Кардарларды колдоо кызматынын номерине окшош болгон фишинг баракчаларын жана телефон номерлерин колдонушат.

Өзүңүздү коргоо үчүн банк карталарын жана мобилдик тиркемелерди/интернет банкингди колдонууда коопсуздук эрежелерин билүү маанилүү.

Эсиңизге сактаңыз!

  • Банк SMSтери бир гана номерден келет: 88 00 номеринен,  картадан төлөм жасалганы жөнүндө Kompanion аталган жиберүүчүдөн же Kompanion 24төн – тиркеменин балансын толуктоо жөнүндө. Элкарт картасы боюнча транзакциялар маалыматы +4590 номеринен гана келет.  

*Эгерде акча которуу же төлөм боюнча кат жаӊы SMS-диалогуна келсе, анда мунун алдамчылар болушу толук ыктымал!

  • Бир жолку паролдорду үчүнчү тараптарга бербөө жана аларды алдамчылар жиберген күмөндүү сайттарга киргизбөө керек.
  • Банк эч убакта:

-карта маалыматын жана уюлдук тиркеме/электрондук капчык паролдорун киргизүү керек болгон шилтемелерди жибербейт;

-акча которуусун алыш үчүн SMS менен келген кодду жана картанын CVV/CVC-кодун сурабайт.

Банк кардардын конфиденциалдуу маалыматынын жоголуусу, текшерилбеген интернет-ресурстарын колдонууда жеке маалыматтын жиберилүүсү жана ошондой эле алдамчылардын сайттары аркылуу транзакциялардын жасалуусунда жоопкерчилик тартпайт.


Өзүңүздү шалуулундардан коргоонун 10 эрежеси:

  1. Уюлдук тиркеменин/капчыктын паролун, пин-кодун жана бир жолку паролдорду үчүнчү жактарга (анын ичинде Банктын кызматкерлерине, туугандарга жана тааныштарга) өткөрүп бербеңиз.
  2. Башкалардын уюлдук тиркеме/капчык орнотулган мобилдик телефонуңузду колдонуусуна жол бербеңиз.
  3. Чат, SMS же электрондук почта аркылуу келген шилтемелерди ачпаңыз.
  4. Электрондук капчык/тиркемеге которуу алуу үчүн телефон номерин же картанын 16 сандуу номерин билдирүү жетиштүү. Электрондук капчыкка/тиркемеге акча алуу үчүн эч убакта шилтемелерди ачып же картанын арка жагындагы CVV/CVC-кодун жибербеңиз.
  5. Бейтааныш номерлерге кайра чалбаңыз, айрыкча кыска номерлерге. Чалуу үчүн акча каражаты керек болушу ыктымал.
  6. Күмөндүү сайттарда сатып алуу жасабаңыз, бул фишинг болушу мүмкүн. Фишинг – бул шылуундар атайын сайт жасап, ал жакта бир нерсени ыңгайлуу баа менен сатып алууну сунуштайт. Сатып алуу үчүн картанын бүтүн маалыматын, анын ичинде CVV/CVC-кодун сурашат да, андан кийин сиздин жеке маалыматыңызды уурадашат.
  7. Электрондук капчык/тиркеме орнотулган телефонду жоготкон учурда Банкка жеткиликтүү болгон жол менен бул жөнүндө билдириңиз (жазуу, электрондук, оозеки формада). Бул уюлдук тиркемени/капчыкты өз убагында жабуу/блокировкалоого көмөк болот.
  8. Тармакка төлөм картаңыздын бет же арт тарабынын сүрөтүн чыгарбаңыз.
  9. Эсептериңиздин балансын тиркеме же интернет-банкинг аркылуу бат-бат текшерип туруңуз.
  10. Телефон номери/электрондук почтаңыздын өзгөргөнү жөнүндө Банкка өз убагында кабарлаңыз.

Эгерде сиз алдамчыларга карта маалыматын, SMS аркылуу келген жашыруун кодду билдирсеңиз же картаны, эсептеги акча каражатын жоготсоңуз, Банктын расмий номерлерине тез арада чалып картаны/уюлдук тиркемени/интернет-банкингди блокировкалоо керек. Алдамчылар жөнүндө Банкка жана укук коргоо органдарына билдириңиз!

Банк кардардын конфиденциалдуу маалыматынын жоголуусу, текшерилбеген интернет-ресурстарын колдонууда жеке маалыматтын жиберилүүсү жана ошондой эле алдамчылардын сайттары аркылуу транзакциялардын жасалуусунда жоопкерчилик тартпайт.

Кошумча суроолор боюнча Банктын Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар