Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНАН БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ 10 МИЛЛИОН СОМ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

20 10 2022

Чек арадагы чыр-чатактын алгачкы күндөрүнөн тарта Компаньон Банкы Баткен облусунда жапа чеккендерге жардам берип келүүдө. Акыркы айдын ичинде Банк калкка, үй-бүлөсү зыян тарткан банктын кардарларына жана кызматкерлерине 10 миллион сомду гуманитардык жардам катары бөлүштүрүп берди.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бирдиктүү эсебине банк тарабынан 2 050 000 сом которулган. Калган 7 950 000 сом жапа чеккендерге максаттуу жардам берүү үчүн багытталган:

  • Эвакуацияланган жашоочуларга өтө зарыл товарлар, жеке гигиена каражаттары, жылуу кийимдер жана дары-дармектер жөнөтүлгөн; 
  • Исфана жана Кадамжай филиалдарынын 40тай кардары Компаньон Банкынан 50 000 сомдон 200 000 сомго чейин материалдык жардам алган. Булар үйлөрү жана чарбалары күйүп кеткендер жана бизнесин жоготуп алгандар.
  • Чыр-чатак учурунда үй-бүлөсү жапа чеккен Банктын кызматкерлери 25 000 сом өлчөмүндө гуманитардык жардам жана жөлөк пул алган.

Каражат бөлгөндөн тышкары, Компаньон Банкы жапа чеккен кардарларга жалпы 3,5 миллион сомго 76 кредитти кечкен жана кредиттерди реструктуризация боюнча арыздарды кабыл алууда. Ал арыздар жеке тартипте каралып жатат. Мындан тышкары Банк 2022-жылдын 15-сентябрынан 31- октябрына чейин мөөнөттү өтүп кеткени үчүн айып пулду чегерүүнү токтоткон.

Компаньон Банкы биздин өлкөбүздө ачык асман, тынчтык жана биримдик болооруна үмүттөнөт!

Бардык жаңылыктар