Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНАН ОНЛАЙН-ДЕПОЗИТТЕР

7 6 2023

Чогулткан каражаттарыңызды "Компаньон" мобилдик тиркемесиндеги пайдалуу онлайн депозиттердин жардамы менен көбөйтүңүз. Компаньон Банкы сизге сом менен жылдык 15% га чейин алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Компаньон Банкынан онлайн-депозиттер деген эмне? Бул үйдөн чыкпастан акчаңызды көбөйтүүнүн ыңгайлуу жолу. Сиз депозитти "Компаньон"мобилдик тиркемеси аркылуу ачып, башкара аласыз. Банкка баруунун кажети жок. Тиркемени жүктөп алып, аралыктан идентификациядан өтүп, келечегиңизге азыртадан инвестиция жасай баштаңыз.

Депозитти 3 айдан 36 айга чейин каалаган максатта ачууга болот. Тандалган мөөнөткө жараша пайыздык чен өзгөрөт. Ал эми тиркемеде орнотулган калькулятордун жардамы менен кардар өзүнүн топтолгон каражатын эсептей алат.

Эмне үчүн Компаньон банкынын онлайн-депозиттерин тандоо керек? Мунун бир нече себеби бар:

Сом менен жылдык 15% га чейин жогорулатылган чен: биз сиздерге финансылык максаттарга тезирээк жетүүгө жардам берүү үчүн рыноктогу эң пайдалуу пайыздык чендердин бирин сунуштайбыз.

Инвестициянын ийкемдүүлүгү: депозиттин суммасын жана мөөнөтүн муктаждыктарыңызга жараша өзүңүз тандайсыз. Оптималдуу чечим табуу үчүн, биз ар кандай мөөнөттөрдү сунуштайбыз.

Коопсуздук жана ишенимдүүлүк: Компаньон Банкынын депозиттери каражатты сактоонун эң ишенимдүү ыкмаларынын бири болуп саналат - алар КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан корголгон.

Жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук: тиркеменин интрфейси колдонуучу үчүн абдан ыңгайлуу. Каалаган убакта онлайн режиминде депозиттерди ачып, толуктап жана башкара аласыз.

Колдоо 24/7: Банктын Кардарларды колдоо кызматынын адистери күнү-түнү жеткиликтүү жана каалаган маселе боюнча сизге консультация берүүгө даяр.

Чогулткан акчаңызды Компаньон Банкынын онлайн депозиттери менен көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Депозитти болгону бир нече мүнөттө ачууга болот!

Компаньон Банкы – Кыргызстандын финансы рыногунда 19 жылдык кынтыксыз ишмердүүлүк.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар