Урматтуу кардарлар!
«Компаньон Банкы» ЖАК кардарларды тейлөө сапатын жакшыртуу максатында жаңы программалык камсыздоого өтүүдө. Ушуга байланыштуу техникалык иштер пландаштырылган жана төмөнкү кызматтар убактылуу жеткиликсиз болот:
Кызматтын аталышы |
Иштөө токтотулуу күндөрү |
Иштөө жаңыртылуу күндөрү |
Visa дебеттик карттар |
31.12.2019 саат 17:00 |
04.01.2020 |
Банкоматтар |
31.12.2019 саат 16:00 |
04.01.2020 |
Төлөм терминалдары |
31.12.2019 саат 14:00 |
04.01.2020 |
QuickPay, Pay24, UMAI өнөктөштүк терминалдык тармактар аркылуу операциялар (кредиттер боюнча төлөмдөр, депозиттерди толуктоо, банктык эсепти/карттык эсепти толуктоо) *Мында Компаньон электрондук капчыгын толуктоо өнөктөштөрдүн терминалдары аркылуу жеткиликтүү болмокчу |
31.12.2019 |
04.01.2020 |
Компаньон мобилдик банкинги |
31.12.2019 |
06.01.2020 |
Интернет-банкинг |
31.12.2019 |
06.01.2020 |
Кредиттерди берүү |
31.12.2019 |
13.01.2020 |
Банктык эсептерди, депозиттерди ачуу жана алар боюнча тейлөө |
31.12.2019 саат 08:00 |
08.01.2020 |
Банктар аралык төлөмдөр: клиринг, гросс, Swift |
31.12.2019 саат 08:00 |
08.01.2020 |
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр – бала бакча, мектеп үчүн төлөмдөр, салыктар, жана башка кызматтар |
30.12.2019 саат 12:00 |
08.01.2020 |
Кассалык операциялар |
31.12.2019 саат 12:00 |
08.01.2020 |
Эсеп ачпастан акча которуулар |
31.12.2019 саат 12:00 |
08.01.2020 |
Компаньон электрондук капчыгында 31.12.2019дан тарта 06.01.2020га чейин модернизация жүргүзүү мезгилине карата төмөнкү функционал жеткиликсиз болот:
- Кредиттер боюнча төлөмдөр/Төлөм графигин кароо
- Депозиттерди толуктоо
- Эсептерди толуктоо (карттык эсептерди кошо алганда)
- Элкарт карттарын байлоо/Башкаруу
Финансы операцияларын жүргүзүүнү жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алуу менен пландоону өтүнөбүз.
Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).