Төлөм карталары

Төлөм карталарын чыгаруу жана тейлоо эрежелеринен үзүндү

4.10. Карта боюнча алдамчылыкты алдын алуу максатында Карта ээлери үчүн коопсуздук эрежелери.

4.10.1. Коопсуздук максатында, Карта Ээси Картаны алып, анын артындагы колтамга үчүн тилкесинде колун коюуга милдеттүү.

4.10.2. Карта ээси код сөзүн эстеп калып, аны карта жана ПИН-код менен бирге сактабашы керек.

4.10.3. Карта ээси ПИН-кодду жашыруун сакташы керек. ПИН-кодду үчүнчү адамга/адамдарга айтып берүү Картаны уруксатсыз колдонууга алып келет, башкача айтканда, ПИН-кодду беруу Карта Ээсине таандык акча каражаттарды уруксатсыз сарптоого алып келиши мүмкүн.

4.10.4. Картаны жана ПИН-кодду бири-биринин жанында сактоого, ошондой эле ПИН-кодду Картанын өзүнө жазуу же Картанын жанында сакталган документтерге жазууга тыюу салынат. ПИН-кодду эстеп калуу зарыл.

4.10.5. SMS аркылуу келген бир жолу колдонуучу Пароль/Кодду эч кимге билдирбеш керек.

4.10.6. Интернет аркылуу жиберилген шилтемелерге отпош керек, формаларга картанын номерин, картанын убыкыт отуу номерин, уч сандуу CVV/СVV-2 коопсуздук кодун толтурбоо керек.

4.10.7. Картага акча которуу учун 16 сандуу картанын бет тарабындагы номерин же телефон номерин которуучу адамга билдирүү жетиштүү.

4.10.8. Эгерде картанын аркы бетиндеги CVС/CVV (коопсуздук код) айтып же фото кылып жиберсениз, алдамчылар картанызды башка мобилдик тиркемеге байланыштырып акчаны которуу аркылуу чыгарып кетиши мумкун.

4.10.9. Картаны балдар жетпеген жерде кармаңыз. Балдардын ар кыл интернет-рассылкаларына жазылуусуна жол бербеңиз;

4.10.10. Үчүнчү жактардын өтүнүчү/чалуусу боюнча банк картасы менен эч кандай операцияларды жасабаңыз, бейтааныш уюлдук номерлерге/картага/эсептерге акча которбоңуз, Банк эч качан операция кылуу учун сиздерден картанын маалыматтарын сурабайт, Банкта бардык керектүү маалымат бар;

4.10.11. ПИН-кодду алмаштырганда, айкын, оңой эле божомолдонгон сандар айкалышын (мисалы, телефон номеринин аягы, туулган күнү жана башкаларды) колдонго тыюу салынат.

4.10.12. Карта ээси Картаны сактоо эрежелерин сакташы керек: а) Картаны ачык от чыккан жерлердин жанында калтырбоо; б) Картаны механикалык таасирге дуушар кылбоо.

4.10.13. Картаны үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө болбойт. Үчүнчү жак Картаны колдонсо, анда бул Банк тарабынан ушул Эрежелерди одоно бузуу катары каралат жана Банктын демилгеси боюнча Келишимди бир тараптуу токтотууга алып келиши мүмкүн.

4.10.14. Транзакция жүргүзүлүп жаткан маалда Карта ээси Картаны көрүп турушу керек. Транзакция аяктагандан кийин Картаны дароо кайтарып алуу керек.

4.10.15. Кийин текшерүү максатында бардык квитанцияларды сактоо зарыл. Чектерди коомдук жайлардагы таштанды контейнерге таштоого тыюу салынат.

4.10.16. Мүмкүн болсо, банкоматтарды күндүз колдонуу, ал эми түнкүсүн жарык жерлерди тандоо зарыл. Банкоматта ар кандай шектүү шаймандардын жоктугун текшерип, Банкомат аркылуу операцияларды жүргүзүүдө жанында эч ким турбагандыгына ынануу керек.

4.10.17. Карта ээси Эрежелердин ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин бузган учурда, Банк Карта ээси тарабынан Эсеп боюнча жүргүзүлгөн операциялар үчүн жоопкерчиликти тартпайт.