Компаньон банкында чыгарылган картага жана каалаган банктын Элкарт картасына которуу
Нак эмес акча которууну банктык картага жөнөтүү үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
1. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүгүндө «Карты КР» тандоо керек;
2. Андан ары «Каалаган банктын ЭЛКАРТы» же «Компаньон» (Компаньон Банкында чыгарылган ЭЛКАРТ же Visa карталарына которуу үчүн) тандоо керек
3. Ачылган терезечеде төмөнкү реквизиттерди толтуруу:
- «Эсеп» — акча каражаттары которула турган эсептешүү/карталык эсептен тандалат;
- «Картанын номери» — акча каражатары которула турган банктык картанын номери көрсөтүлөт;
- «Которуунун суммасы» — тандалган банктык картага которула турган сумма көрсөтүлөт.
4. Көрсөтүлгөн банктык картага акча каражаттарын которуу үчүн “Которуу” баскычын басуу керек;
5. Ачылган «Операцияны ырастоо» терезечесинде көрсөтүлгөн реквизиттерди тактоо жана “Ырастоо” баскычын басуу;
6. Тастыктоону аткаргандан кийин, которуу тууралуу маалымат камтылган «Операция аткарылды» терезечеси ачылат.
Ошондой эле, которууну ишке ашыргандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү:
“Жышта сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо;
“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат;
“Автотөлөмдү жөндөө” — берилген реквизиттер жана колдонуучунун жөндөөсү боюнча автотөлөмдү түзүү.