Кыргызстан боюнча акча которуулар

Компаньон Банкындагы эсепке которуу

Нак эмес акча которууну эсептешүү эсебине жөнөтүү үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүгүн тандоо;

2. Ачылган бетте которуунун «Эсепке» деген түрүн тандоо;

3. Которуу жөнөтүлүүчү эсепти тандоо;

4. Ачылган «Которуунун параметрлери» терезечесинде төмөнкү реквизиттерди толтуруу:

  • «Эсептен» — акча каражаттары которула турган эсептешүү/карталык эсеп тизмеcинен тандалат;
  • «Эсептин номери» — акча каражаттары түшө турган эсептешүү эсебинин номери көрсөтүлөт;
  • «Которуунун суммасы» — эсептешүү эсебине которула турган сумма көрсөтүлөт.

5. Реквизиттерди сактоо жана көрсөтүлгөн эсептешүү/карталык эсепке акча каражатын которуу үчүн “Которуу” баскычын басуу керек;

6. Ачылган «Операцияны ырастоо» деген терезечеде көрсөтүлгөн реквизиттерди текшерип, “Ырастоо” баскычын басуу керек:

7. Тастыктоону аткаргандан кийин которуу тууралуу маалымат камтылган «Операция аткарылды» деген терезече ачылат.

Ошондой эле, которууну ишке ашыргандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү болот:

“Жышка сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо;

“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат;

“Автотөлөмдү жөндөө” — берилген реквизиттер жана колдонуучунун жөндөөсү боюнча автотөлөмдү түзүү.

  • Өз эсептер арасында которууну ишке ашырууда акча каражаттардын бардык булактары: карталар, талап боюнча төлөнүүчү эсептер, капчык жеткиликтүү болот.
  • Техникалык чектөөлөргө байланыштуу капчыкты колдонуу менен конвертация жүргүзүү убактылуу жеткиликтүү болбойт. Капчыктан которууну ишке ашыруу керек болсо, кардарга сом түрүндөгү гана эсептер жана карталар жеткиликтүү болот.

Алмаштыруу операциялары автоматтык түрдө белгиленген курс боюнча жүргүзүлөт.

 "Компаньон" мобилдик тиркемеси