“Компаньон” тиркемесине жана электрондук капчыктарга которуулар
Электрондук капчыкка нак эмес акча каражаттарын которуу үчүн, төмөнкү аракеттерди жасоо керек:
1. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүгүн тандоо керек;
2. Ачылган бетте которуунун «Капчыкка» деген түрүн тандоо;
3. Көрсөтүлгөн электрондук капчыктардын ичинен керектүүсүн тандоо;
4. Ачылган «Которуунун параметрлери» терезечесинде төмөнкү реквизиттерди толтуруу керек:
- «Эсептен» — эсептешүү/карталык эсеп тизмесинен тандалат. Акча каражаттары ушул эсептен которулат;
- «Капчыктын номери» — акча каражаттары которула турган электрондук капчыктын номери көрсөтүлөт;
- «Которуунун суммасы» — тандалып алынган электрондук капчыкка которулуучу акча каражатынын суммасы көрсөтүлөт.
5. Реквизиттерди сактоо жана көрсөтүлгөн электрондук капчыкка акча каражаттарын которуу үчүн “Которуу” баскычын басуу керек;
6. Ачылган «Операцияны ырастоо» терезечесинде көрсөтүлгөн реквизиттерди тактап, “Ырастоо” баскычын басуу зарыл;
7. Тастыктоону аткаргандан кийин, которуу тууралуу маалымат камтылган «Операция аткарылды» терезечеси ачылат.
Ошондой эле, которууну ишке ашыргандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү:
“Жышка сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо;
“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат;
“Автотөлөмдү жөндөө” — берилген реквизиттер жана колдонуучунун жөндөөсү боюнча автотөлөмдү түзүү.
"Компаньон" мобилдик тиркемеси