"Компаньон” мобилдик тиркемеси

Компаньон мобилдик тиркемесинен өзүңүздүн кредиттик тарыхыңызды билип алыңыз

Мындан ары банкка барбастан, сиздин бардык кредиттер жөнүндө маалымат алуу кызматы жеткиликтүү

Кредиттик тарых — бул сиздин наамыңызга катталган бардык кредиттер жөнүндө маалымат. Кредиттик тарыхты текшерүү кредит алуу үчүн алдын-ала даярданууга мүмкүндүк берет.

Компаньон тиркемесинен кредиттик тарыхыңызды оңой жана тез билип алыңыз:

1.  Компаньон мобилдик тиркемесинин башкы экранында "КИБ кредиттик  тарыхы" баскычын басыңыз. 

Эгерде сиз буга чейин кредит алган болсоңуз, “Кредиттик тарых” бөлүгү ачылат.  Ал эми кредитиңиз жок болсо, сизге “Урматтуу кардар, сиздин кредиттик тарыхыңыз бош” деген билдирүү келет.

 

2Кредиттик тарых боюнча алгачкы суроо-талап акысыз. Эгерде сиз отчетуңузга биринчи жолу буйрутма берген болсоңуз, анда "Акысыз алуу" баскычын басыңыз, бир нече секунддан кийин кредиттик отчетуңуз пайда болот.


3. Жоопту экинчи жолу алуу үчүн, “150 сомго алуу” баскычын басыңыз. Улам кийинки суроо-талаптын баасы – 150 сом.  


4Андан кийин төлөм формасы ачылат. Каражатты чегерип алуу эсебин көрсөтүңүз  (электрондук капчык, карталар же эсеп-кысап эсептери) жана  "Төлөө" баскычын басыңыз.


5Төлөмдү ырастаңыз.


6Мындан кийин “Төлөм иштетилүүдө” деген экран ачылат.Эгерде төлөм ишке ашырылса, экранда “Ийгиликтүү төлөм” деген билдирүү пайда болот.


7. Башкы менюга кайтып келип, кредиттик отчетту бассаңыз, Кредиттик бюродон PDF-файл түрүндө өз кредиттик тарыхыңызды аласыз.

 


Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды тейлөө бөлүмүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).