Россия төлөм карталарын толуктоо
Бардык россиялык банктарда чыгарылган VISA, MasterCard жана МИР төлөм карталарын Кыргызстандан “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу толуктаңыз. Каражаттар онлайн режиминде заматта которулат!
Акча которуу үчүн "Компаньон” мобилдик тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.
Россия банктарында чыгарылган төлөм карталарын Кыргызстандан кантип толуктаса болот?
- «Компаньон» тиркемесиндеги башкы бетинде «Карты РФ» баскычын басыңыз;
- Картанын номерин (картанын алдыңкы бетинде) жана сом менен сумманы киргизиңиз;
- Реквизиттерди, сумманы, валюталардын курсун, комиссияны текшерип, “Төлөө” баскычын басыңыз.
Комиссиясы:
1 800 сомго чейин-35 сом (толуктоонун суммасынан көз карандысыз).
1 801 сомдон жогору- толуктоонун суммасынан 2%.
- Россиялык төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт.
- Кыргыз сомунан россиялык рубльга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Банктын атайын курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
- Акча которуучу валюталардын курсун төлөмдү жүргүзүүгө чейин көрөт.
Толуктоонун максималдуу суммасы:
1 транзакция- 15 000 сом, 1 күн ичинде- 50 000 сом, 1 ай ичинде- 500 000 сом.
Бир реквизитке транзакциялардын саны боюнча да чектөөлөр коюлган: 1 күнгө - 10 жолу, 1 айга - 50 жолу.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).
Россия банктарында чыгарылган төлөм карталарын Кыргызстандан кантип толуктаса болот? |