Биздин кардарларыбыз

ПАПАН АЙЫЛЫНДАГЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАРМАНКЕСИ

2013-жылдын 19-марты Ош облусунун Папан айылында жергиликтүү Өнүктүрүү Жарманкеси салтанаттуу белгиленди. Папан субофиси 2008-жылдын февралынан тарта штатындагы 3 кызматкер менен 800дөн артык кардарларды тейлеп иштеп жатат. Райондун калкынын көбүнчөсү айыл чарба менен алектенет: негизги айыл чарба өсүмдүктөрдү өстүрүү жана үй малын тукумдатуу. Ошондой эле айылдын өзүндө жана жакын жердеги айылдарда абдан көп алма бакчалар өсөт.  
 
Жарманкеге төмөнкү катышуучулар чакырылган: уруктарды, көчөттөрдү жана ветеринардык препараттарды өндүрүү жана сатуу менен иш жүргүзгөн жергиликтүү компаниялар, жасалма жол менен каратуу (бозотуу) пунктар жана ветеринардык кызматтарды берүү.    
 
Айылдын жашоочулары да, жарманкенин катышуучулары да жарманкеге кызыккандыгын көрсөтүштү, анткени ушул сыяктуу иш чаралар бул райондо эч качан өткөрүлгөн жок. Айыл өкмөтүнүн башчылары жарманкени уюштуруунун жогорку деңгээлин белгилеп кетти. Мал чарба жана айыл чарба жөнүндө пайдалуу маалымат жигердүү түрдө жайылып турду. Айылдардын жашоочуларына агрономдорго жана ветеринарларга, ошондой эле агрокөргөзмөнүн катышуучуларына түз түрдө суроо берүү жакшы мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Агрокөргөзмөнүн бардык катышуучуларын жергиликтүү жашоочулар курчап алган, жарманкеге чыгарылган торпокторго жана музоолорго жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрүнө эң чоң көңүл бурулган.       
 
Жарманке ошондой эле социалдык максатты көздөгөн – креативдик ойлоону өнүктүрүү, окуучу-балдардын чыгармачылык жагын өнүктүрүү, спорттук жашоону жалпы элге жайылтуу. Ушул долбоордун чегинде Ош филиалынын кызматкерлери төрт жергиликтүү мектептердин 3-чү, 4-чү жана 5-чи класстардын окуучуларынын арасында “Менин чарбам” темасына сүрөт сынагын өткөрдү, ошондой эле жогорку класстардын арасында балдардын жана кыздардын жааттарына волейбол боюнча мелдешүү уюштурулган. Компаньон жеңүүчүлөргө эстелик белектерди берген.   
  
Майрамды өткөрүүгө аба-ырайы ыңтайлуу болгон. Бул күнү айылдын борборунда бир убакытта бир нече иш чаралар өтүп жатты: “Нооруз” темасына айылдардын арасындагы сынак, бул сынакта жашоочулар эң мыкты музыкалык чыгыш деген сынакта, мыкты эркектердин арасындагы “Күрөш” жана “Аркан тартыш” аттуу мелдештерде, ошондой эле волейболистердин арасындагы мелдеште жарышкан. Биздин агрокөргөзмөбүз, сүрөт сынактарыбыз жана волейбол мелдештерибиз бул майрамга абдан келишип калды. Иш чарага 1000ден ашуун киши катышты.  

 


 

 

 

Бардык кардарлар